Устукан, жилик

Википедия дан

Устукан – малдын бышырылып, эти менен кошо меймандарга тартылуучу жиликтери жана мүчөлөрү. Кыргыздын салттуу турмушунда устукан чоң мааниге ээ болуп андан жаңылган адам айыпка жыгылган. Устукан малдын бардык этинен чыгарылган. Ал көпчүлүк учурда негизги тамактын (мисалы, беш бармактын) алдында берилет.

Устукандын бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Койдун эти 12 устуканга бөлүнөт:
Сан жиликтер – жамбаш, кашка жилик, жото жилик;

Кол жиликтер – далы, каржилик, күң жилик (ар бири экиден).

Жогорудагылардан сырткары устукандын катарына койдун башы, куймулчагы жана кабыргалары кирет. Күң жилик, төш, омуртка стуканга кошулбайт. Төш кызга, омуртка балдарга берилет. Кабыргалар кара кабырга жана карчыганын кабыргасы деп айырмаланат.

Кыргызда меймандарга устуканды улуулата тартуунун ирети бар: баш, жамбаш, куймулчак, жото жилик, кашка жилик, карчыганын кабыргасы, каржилик, далы кара кабырга. Эркектердин улуусуна баш, аялдардын улуусуна жамбаш же куймулчак тартылат. Устуканды бөлүштүрүүнүн жергиликтүү өзгөчөлүктөрү да бар. Мисалы, Чүй, Талас өрөөнүндө башты аксакал кишиге берсе, Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүндө жашы кичүү конокко берет жана башка.

Бодо малдын этин меймандарга бөлүштүрүүдө койдукундай устукан берүү мүмкүн болбогону менен учанын эти, сан эттер, арка, кыртыштуу кабыргалар, жылкынын чучугу, картасы, карыны, уйдун сары жүрмөсү эң сыйлуу конокторго тартылат. Бодо малдын жилиги экиге бөлүнгөнү менен анын жогорку бөлүгү сыйлуу деп эсептелген.

Кандай гана мал болбосун сан жиликтер, сан эттер сыйлуу болгон. Тамак жеп жатканда үйдүн балдарына, кызмат кылып жүргөн келиндерге устукан берүү, үйлөрүнө ала кетүү (аялдар) жөрөлгө болуп эсептелген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]