Усубалиев, Алтымыш
Усубалиев, Алтымыш (1930, Фрунзе шаарына жакын Төкөлдөш кыш. –1971, Фрунзе) – кыргыз живописчиси. 1952-ж. Ленинграддагы И. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун (М. Авиловдун өнөрканасынан) бүтүп, Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайында иштеген (1962–67). У. – чебер портретчи. Анын “Колхозчунун портрети” (1953), “Кыргыз кызынын портрети” (1959), “Түгөлбай Сыдыкбековдун портрети” (1958), “Чыңгыз Айтматовдун портрети” (1966), “Автопортрет” (1970), “Академик Иса Ахунбаевдин портрети” (1966), “Академик Курман Каракеевдин портрети” (1969), “Жумушчу Бешкемпировдун портрети” (1969) жана башка эмгектери кыргыз сүрөт өнөрүндө портрет жанрына кыйла салым кошкон. чыгармачылыгына замандаштарынын, асыресе кыргыз жазуучуларынын, илимпоздорунун, эмгек кайратмандарынын ички дүйнөсүн иликтөө, коом алдындагы бийик парзын даңазалоо мүнөздүү. У-дин чыгармалары Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, Третьяков галереясында, Чыгыш элдеринин маданият музейинде бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004