Усубаматов, Рыспек

Википедия дан
Рыспек Усубаматов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Рыспек Усубаматов
Туулган жылы: 1943-жыл
Туулган жери: Талас шаары, Талас облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: инженер-механик

Усубаматов Рыспек Нуркалиевич (1943-ж. т., Талас ш.) — инженер-механик, техника илимдеринин доктору (1993), профессор (1994).
1966-ж. Москвадагы Н. Э. Бауман атындагы университеттин машина курууну автоматташтыруу факультетин бүтүргөн.
1966—68-ж. Бишкектеги Ленин атындагы заводдо инженер-конструктор.

1968—72-ж. аспирант, 1972-жылдан Кыргыз техникалык университетинде окутуучу, доцент.
1981—92-ж. «Машина курууну автоматташтыруу жана комплекстүү механикалаштыруу» кафедрасынын башчысы.

1992-1997 ж. Кыргыз техникалык университетинин ректору болуп эмгектенген.

Илимий эмгектери
138 илимий эмгектин (анын ичинде 1 монография[1], 30 ойлоп табуу[2], 15 окуу-усулдук иштеп чыгуу) автору. Илимий журналдардын Scopus маалымат базасына кирген журналдарда 1999 - 2023 - жылдары 42 илимий макала жарыялаган, Индех Хирше 6 (Scopus, 2023) [3]. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.
  1. Усубаматов, Рыспек Нуркалиевич - Транспортные системы автоматических линий с гибкой межагрегатной связью [Текст] - Search RSL
  2. УСУБАМАТОВ РЫСПЕК НУРКАЛИЕВИЧ изобретатель и автор патентов - PatentDB.ru
  3. Usubamatov, Ryspek - Author details - Scopus Preview