Усупаев, Шейшеналы Эшманбетович

Википедия дан

Усупаев, Шейшеналы Эшманбетович (1953-ж. т., Чүй облусу, Кемин р-ну, Жолбулак кыштагы) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1993), профессор. Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1975). «Кыргызжолтрансдолбоор» ин-тунда инженер-геолог (1975–76), Кыргыз Республикасынын УИАнын Геология ин-тунда кенже, улук илимий кызматкер (1977–93), УИАнын Гидроэнергетика ж-а суу проблема ин-тунда башкы илимий кызматкер (1994–1996), Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар ж-а граждандык коргонуу министрлигинде жооптуу жетекчи, бөлүмдүн начальниги (1996–жылдан). Илимий эмгектери инженердик геология, геодинамика, топурак таануу, гидрогеология, тоң таануу, геол. чөйрөнү коргоо ж. б. арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]