Мазмунга өтүү

Усупова Алыйман

Википедия дан

Усупова Алыйман Бычмачы-тикмечи-технолог. 1933-ж. Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында төрөлгөн.

Москва текстиль институтун, КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. 42 жыл Октябрдын 40 жылдыгы атындагы фабрикада тигүүчү, мастер, цехтин начальниги, профкомдун төрагасы болуп иштеген. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин, СССР Жогорку Советинин, бир нече жолу Бишкек шаардык советинин депутаты болуп шайланган. Аялдардын эл аралык конгрессине катышкан. Алыймандын узчулугу белек-бечкектерди жана кийим-кечектерди ар бир адамдын жаш өзгөчөлүгүнө жараша кылып эптүү, жарашыктуу элдик үлгү тигүүдөн билинет. Алыйман менен уз Эрке Жапарова эриш-аркак узданат. Бирөө үлгүнү бычып-тигет, экинчиси ага көркөм оюм-көчөт түшүрөт. Алыйман «Бакай калпак», «Кошой калпагы», «Семетей калпагы», «Жаштар калпагы», «Карыялар калпагы», «Сейтек калпагы», «Кан калпагы» өңдүүлөрдүн өзүнчө серияларынын үлгүлөрүн жаратты. «Манас-1000» мааракесине карата ал жүздөгөн кийиз, кездеме, таар буюм-тайымдарын, белек бечкектерин жасап, сатууга чыгарды. Анын өзүнчө узчулук ыкмалары аркылуу жараткан ичик, чепкен, кемсел, бешмант, кементай, шым, чыптама, кош этек сыяктуу кийимдеринин үлгүлөрү «Манас 1000» мааракесине кийип чыгууга шартташкан. Катышкан кароо-сынактары, көркөм көргөзмөлөрү жана алган сыйлыктары. 1993-ж. Көркөм кол өнөрчүлөрдүн Бишкектеги (Военно-Антоновка) кароо-сынагы. Кийим үлгүлөрү үчүн 1-орун, диплом. 1993-ж. Көркөм кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөттү сүйүүчүлөрдүн Бишкекте өткөн республикалык кароо-сынагы. Белек-бечкектери үчүн 1-орун.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0