Утби, Абу Наср Мухаммед

Википедия дан

УТБИ Абу Наср Мухаммед (961–1022) – орто кылымдардагы араб тарыхчысы.

Негизги китеби – «Тарих ал йамини» («Башкаруучунун тарыхы»).

Бул эмгекти 1021-ж. аяктап, Газневи мамлекетинин башкаруучусу Махмуд Газневиге арнаган, анткени Утби ал учурда Махмуд Газневинин кол астында иштеп турган.

Ошол учурдагы тарыхый окуяларга өзү катышып жана алардын тарыхын жазган.

Утбинин Кыргызстандын аймагындагы Караханийлер мамлекетинин ж-а Орто Азиянын тарыхы боюнча жазган эмгектеринде баалуу маалыматтар берилген.

Анда Караханийлер мамл-нин тарыхы чагылдырылып, Буура хандын Бухарага жасаган жортуулу, анын Саманилер династиясынын башкаручусу Нух ибн Мансур м-н болгон согушу ишенимдүү фактылар менен сүрөттөлгөн.

Өз эмгегинде Утби Мансурдун уулу Мунтасир ибн Нухтун Карахандарга каршы күрөшү, Карахан ханзаадасы Илек-хан менен болгон келишим, анын шарттары тууралуу баяндама берген.

Утбинин Караханийлердин тарыхы жөнүндөгү бул эмгеги фарсы, араб, англис тилдеринде басылып чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Кыргызстана: Краткий энциклопедический словарь). – (ISBN 5-89750-028-2)



Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]