Учкун камерасы

Википедия дан

Учкун камерасы – газга бөлүкчө түшкөндө анда учкун разряды пайда болушуна негизделген, бөлүкчөлөрдүн изин (траекторияларын) байкоочу жана каттоочу курал.

Эң жөнөкөй учкун камерасы – ортосундагы мейкиндик газ менен толтурулган эки жалпак-параллель пластиналардан турат. Пластиналардын аянты 10 см2 тан бир нече м2 ка чейин болот. Бөлүкчө өткөн убакытта, же бир аз кечигүү менен (~ 1мкс) Учкун камерасынын электроддоруна жогорку чыңалуудагы кыска (10–100 нс) импульс берилет. Мындай иштөө режими атайын башкарылуучу санагычтын жана дал келме электрондук схеманын жардамы менен ишке ашырылат. Электроддор инерттүү газы бар камерага жайгаштырылат. Дүрмөттөлгөн бөлүкчөлөр пластиналардын арасынан өткөндө иондошуунун эсебинен траекторияларын бойлото узата көп сандагы электрондор жана оң иондор пайда болот. Пластиналардын арасындагы чыңалуу чоң болгондуктан ал орундан учкун жакшы байкалат. Эгерде бөлүкчөлөр бир нече пластиналар аркылуу өтсө, анда ал учкундун тизмегин пайда кылып, цилиндрдеги линза аркылуу сүрөткө тартылып алынат.

Сүрөткө тартып алуудан башка дагы Учкун камерасындагы чоңдуктарды түздөн-түз ЭЭМге берип жана автоматтык түрдө иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү каттоонун ыкмалары кеңири колдонулат. Эгерде Учкун камерасын магнит талаасына жайгаштырсак, анда бөлүкчөнүн массасы, импульсу, дүрмөтү ж. б. жөнүндө кошумча маалымат алууга болот.

Учкун камерасынын артыкчылыгы: 1) конструкциясы жөнөкөй, ишенимдүү иштейт; 2) иштеп чыгуу ылдамдыгы чоң; 3) Учкун камерасынын электродун түрдүү калыңдыкта даярдоо мүмкүнчүлүгү бар. Булар ар тараптуу нурданууну (γ-квант, нейтрон) каттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Түрдүү Учкун камерасы космос нурларын изилдөөдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]