Учурашуу ырлары

Википедия дан

Учурашуу ырлары — кыргыз акындарынын салтына байланыштуу төкмө ырчылардын жолугушкан мезгилдеги алгачкы ырдашуулары. Мында эл-жерди суроо, салам айтуу, бири-биринин акындык шыгын сыноо, жана башка максаттар коюлат, көбүнчө келген мейман ырчы аттан түшпөй ырдаган. Токтогул Сибирден келгенде, Эшмамбет ырчы менен учурашканы — бул жанрдын эң мыкты үлгүсүнөн.

Эшмамбет:

Кунандын оозун керген бейм.

Кудайым чындап берген бейм?

Куюгуп элден адашкан,

Кургурум Током келген бейм?

Кубанышып бирге өскөн,

Булбулум Током келген бейм? Күнү-түнү пияда

Баскан Током келген бейм?

Жездин кенин талкалап,

Казган Током келген бейм?

Жети жылы мээнет-шор

Тарткан Током келген бейм?


Токтогул:

Амансыңбы, карагым?

Азыраак айткан сөзүңө,

Алсырап кетип барамын.

Имерилип барбапсың,

Өлгөндө турпак салбапсын,

Эч кабарын албапсың,

Аркамда жалгыз баламдын.

Эл угар кызыл тилимди,

Эсендигим сураган.

Эки көздөн аккан жаш,

Эки беттен кулаган.

Учурашуу ырлары эл ырчыларынын биринчи жолугушуусунда дайыма ырдоочу акындыктын салты болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]