Учууну каттагыч

Википедия дан

Учууну каттагыч, борттук каттагыч - авиацияда учуунун негизги параметрлерин, учуучу аппараттын системаларынын ички көрсөткүчтөрүн, экипаждын сүйлөшүүлөрүн ж. б. маалыматтарды жазуучу түзүм.

Учууну каттагычтагы маалымат учуудагы кырсыктын себептерин аныкташ үчүн колдонулат. Адатта аба кемесине эки Учууну каттагыч орнотулат: экипаждын сүйлөшүүлөрүн жазуучу сөз жазгыч жана учуу параметрлерин белгилегич. Андан сырткары азыркы авиалайнерлерде Учууну каттагычтын эки комплекти болот: эксплуатациялык (коргоочу тулкусу жок жана учкандан кийин системалардын жана экипаждын иштөөсүн көзөмөлдөөгө арналган) жана авариялык (жылчыксыз бекем тулкуда). Маалымат оптикалык (фототасмага) же магниттик (металл зымга же магнит тасмасына) алып жүргүчкө жазылышы мүмкүн, соңку мезгилде флешка-эс кеңири колдонула баштады. Учууну каттагыч «кара ящик» деп да аталат. Анын тулкусу тыштан болгон басымга жакшы каршылык көрсөтүүчү шар же цилиндр формасында болуп, ачык кызгылтсары же кызыл түскө боёлот. Кийин параметрдик жана сөз каттагычтар ажыратылып, биринчиси самолёттун куйрук жагына, экинчиси кабинага жайгаштырылган. Бирок кыйроодо кабина көбүрөөк талкалангандыктан, сөз жазгыч да куйрук жагына орнотулуп калды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4