Уюл жаркыроосу

Википедия дан

Уюл жаркыроосу - түнкү асмандын айрым бөлүктөрүндө тез-тез өзгөрүп туруучу жарыктануу (көбүнчө көгүлтүр, саргычкөк, чанда кызгылт же кызгылт көк түстө жарык чыгарат).

Көбүнчө жогорку кеңдиктерде мезгил-мезгили менен байкалып турат. Уюл жаркыроосу космостон келген протон, электрондук атмосферага киргенде 90- 1000 км бийиктиктеги суйдаң аба катмары менен өз ара таасиринен пайда болот. Пайда болуу мезгилдери көбүнчө Күндүн 11 жылдык активдешүү циклине байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2