Уюл тегереги

Википедия дан
Уюл тегереги.

Уюл тегереги - экватордон 66°33 аралыкта өтүүчү параллель; уюлдук күн жана уюлдук түн зоналарынын чек арасы.

Экватордон түндүктө Түндүк уюл тегереги, түштүктө Түштүк уюл тегереги жайгашкан. Түндүк жарым шарда кышкы күн токтолгон кезде (21-же 22-декабрда) уюл тегерегинен түндүк тарапта Күн чыкпайт, уюлдук түн өкүм сүрөт, а. э. жайкы күн токтолгон кезде (21-же 22-июнда) Күн батпайт, уюлдук күн болот. Түштүк жарым шарда да жогорудагыдай кубулуштар байкалат.

Күн чыкпай же батпай турган мезгилдеги сутканын саны уюлдарды карай өсө баштайт; ал жерлерде уюлдук күн жана түндүн узактыгы жарым жылды түзөт. Уюл тегеректери о. эле суук климаттык алкактардын чегарасы да болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2