Уя

Википедия дан
Уя (Phoenicurus ochruros).

Уя - жаныбарлар тукумун чыгаруу, көбөйүү, кээде жашынуу үчүн жасаган түзүлүш.

Уя куруу тукум үчүн кам көргөн көпчүлүк омурткасыз жана омурткалуу жаныбарлардын тобуна мүнөздүү. Осминогдор кумду оюп, тегерегин шагыл таш, моллюсканын раковинасы ж. б. менен тосуп коёт. Жөргөмүштөр, айрым көпөлөктүн эжеке бээсаасы уясын, желесин токуйт. Кумурскалар жер алдында татаал система жолдорду казат; жер үстүнө өсүмдүк калдыгы менен топурактан чоң дөбө курушат. Кээ бир балыктар да уя курат. Тикен канат балык балырдан тоголок уя салат. Букачар балык жумурткасын майда таштан жасаган атайын жерге таштайт. Куштардын уясы түрдүү формада жана ар кандай материалдан жасалат. Алар уясын бактарга, аска-жардын бетине, жерге салышат. Чабалекей баткакты тоголоктоп, шилекейи менен бириктирип салат. Көп канаттуулар тоголок чөйчөк сымал уя курушат. Кээ бириники жумуру, колба сымал болуп капталында же созуңку мойнунда оозу болот. Сүт эмүүчүлөрдүн кээ бирлери, мис., кемирүүчүлөр (кунулар, ондатрлар) бактын бутагынан, сабагынан үй курушат, анын оозу суу алдында ачылат. Көпчүлүк жаныбарлардын, уясы жалгыздап, ошондой эле колониялуу уялар да болот. Чогуу жашаган аарылар, термиттер, курт-кумурскалар жана кээ бир канаттуулардын уялары колониялуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4