Фабрициус, Карел

Википедия дан

Фабрициус, Карел (өз аты-жөнү Карел Питерс; 1622, түндүк Голландия, Мидден-Бемстер – 1654, Делфт) – голланд сүрөтчүсү. 1641–43-ж. Амстердамда Рембрандтан таалим алган. Мидден-Бемстерде (1643-жылдан), Делфтте (1650-жылдан) иштеген. Ал Рембрандтан психологизмди терең өздөштүрүп, чыгармаларында адамдын рухий дүйнөсүн, мүнөзүн жарык шоокумунун жардамы менен өз алдынча чагылдырган (“Музыка аспаптарын сатуучу киши”, 1652, Лондон, Улуттук галереясы). Мындан башка да “Кароол” (1654, Шверин музейи), “Автопортрет” (1654, Лондон, Улуттук галереясы) жана башка чыгармалар Ф-тун мыкты эмгектерине кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]