Мазмунга өтүү

Фадыл Кара

Википедия дан
Фадыл Кара ассистенттери менен

Фадыл КАРА

Осман Фадыл Кара (01.02.1953-ж. төрөлгөн; Тарсус ш.), Акушер-гинеколог, түрк медицина илимдеринин профессору, академик жана жазуучу.

Фадыл Кара операция учурунда
Фадыл Кара

Өмүр баяны

Башталгыч жана орто билимин Тарсус шаарында алган. 1977-жылы Анкара университетинин Медицина факультетин аяктаган, 1980-жылы Анкара медициналык факультетинин гинекология жана акушердик клиникасында ассистент болуп иштеген, ал эми 1984-жылы бул тармак боюнча адистикке ээ болгон. 1986-жылы Анкарадагы "Зүбейде Ханым" төрөт үйүндө башкы дарыгердин орун басары болуп иштей баштаган. "Доктор Сами Улус" атындагы Гинекология жана балдардын ден соолугун чыңдоочу окуу-изилдөө ооруканасында окутуучу жана клиниканын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы доцент наамын алган. Фадыл Кара 2015-жылы Түркиянын Амасия университетинде медицина илимдеринин профессору деген наам алып, акушердик жана гинекология бөлүмүнүн башчысы болгон.

Ф. Кара, Амасия университетинин административдик кеңешинин жана дисциплинардык комитетинин мүчөсү жана ошондой эле  Медицина факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген. Учурда Амасия университетинин акушердик жана гинекология бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган  Осман Фадыл КАРА, Түрк Гинекологиялык онкология ассоциациясы, Жатын моюнчасынын патологиялары жана колпоскопия ассоциациясы, Өспүрүмдөрдүн гинекологиясы ассоциациясы, Репродуктивдүү медицина (тукумсуздукту жоюу медицинасы) ассоциациясы, Карадеңиз чөлкөмүндөгү аялдардын ден соолугу ассоциациясы, Түркия гинекология жана акушердик коомунун Амасия облустук филиалынын төрагасы сыяктуу көптөгөн бейөкмөт уюмдардын мүчөсү.  


Илимий карьерасы

Ф. Каранын жүздөн ашуун улуттук жана эл аралык денгээлдеги илимий журналдарда басылган макалалары бар. Профессор Ф. КАРА, стволдук клеткаларды изилдөө боюнча жарыяланган макалалары үчүн шилтемелер алган. Ал көптөгөн улуттук телеканалдарда өзүнүн тажрыйбасы тууралуу берүүлөрдүн коногу болгон. Ф. КАРА  улуттук жана эл аралык конгресстерде төрагалык кылып жана ошондой эле өзүнүн тармагы боюнча түрдүү баяндамаларды жасаган. Ф. Кара, ошондой эле медициналык окуу китептердин бөлүмдөрүн жазып, медицина тармагындагы илимий журналдарды редакциялайт. Гинекологиялык онкология (жатын моюнчасынын рагы, жатын рагы, энелик бездин рагы, адамдын папилломавирустары (HPV) вакциналары, Акушердик, Урогинекология, Косметикалык гинекология (лабиопластика, кынды кичирейтүү, жатындын эстетикасы жана агартуу), Гинекологиялык операциялар, Сексуалдык терапия (вагинизм ж.б.), Перинатология сыяктуу тармактарда активдүү иш алып барат.


Жарык көргөн китептери

Jinekolojide Temel Prensipler (Гинекологиядагы негизги принциптер) - КАРА ОСМАН ФАДЫЛ "Аkademi" басмаканасы -илимий китептер - ISBN: 978-605-258-971-7

Jinekolojik Obstetrik Aciller ve Gebelikte Covid-19' a yaklaşım (Гинекологиялык акушердик өзгөчө кырдаалдар жана кош бойлуулукта Ковид-19 илдетине мамиле) - КАРА ОСМАН ФАДИЛ жана ШЕНТҮРК МЕТИН,  Анкара Нобель Медицина басмаканасы - илимий китептер - ISBN: 978-625-7146-24-1


Колдонулган булактар

https://portal.amasya.edu.tr/cv-profile.aspx?m=osman.kara Кирүү датасы: 23.03.2022.

https://tr.linkedin.com/in/fadilkara Кирүү датасы: 23.03.2022.