Фазалык өтүү
Фазалык өтүү – кеңири мааниде алганда тышкы шарттар (температура, басым, магнит жана электр талаалары ж. б.) өзгөргөндө заттын бир фазадан башка фазага өтүүсү; тар мааниде алганда тышкы параметрлер үзгүлтүксүз өзгөр-гөндө заттын физикалык касиеттеринин кескин өзгөрүшү.
Фазалык өтүү 1- жана 2-түрдөгү болуп бөлүнөт. 1- түрдөгү Фазалык өтүү ңдө тыгыздык компоненттеринин концентрациясы кескин түрдө өзгөрөт; бирдик масса белгилүү сандагы жылуулук санын бөлүп чыгарат же жутат. Бул жылуулук саны фазалык өтүүнүн жылуулугу деп аталат. 2-түрдөгү Фазалык өтүүдө жылуулук бөлүнүп чыкпайт жана жутулбайт, о. эле тыгыздык үзгүлтүксүз өзгөрөт.
1-түрдөгү Фазалык өтүү жаратылышта эң кеңири таралган кубулуш. Аларга: буу-лануу жана конденсация, эрүү жана кристаллдашуу ж. б. мисал боло алат.
2-түрдөгү Фазалык өтүүгө парамагнетиктин ферромагнетикке, парамагнетиктин антиферромагнетикке, пармагнетиктин сегнетоэлектрикке, металлдардын жана куймалардын нормалдык абалдан өтө жогорку өткөрүмдүүлүк абалга айланууларын келтирсек болот.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0