Фазометр

Википедия дан

Фазометр – эки электрдик термелүүнүн фазаларынын айырмасын же электр тизмегиндеги ток күчүнүн күчтүү маанилеринде кубаттуулук коэффициентин өлчөөчү курал.

Ал энергетикада, электр техникада, радиотехникада, о. эле өлчөөчү системанын курамдык бөлүгү катарында радио-навигацияда, радиотелеметрияда, буюмдардын өлчөмдөрүн көзөмөлдөөдө ж. б. колдонулат.

Жөнөкөй Фазометрдин негизги бөлүгү – логометр, анын рамкасы электр схема-сына туташтырылып, электр термелүү-лөрүнүн фазаларынын жылышына карата куралдын кыймылдуу бөлүгүнүн кыйшаюусун камсыз кылат. Электр өлчөгүч Фазометрдин көрсөтүүсү электр термелүүлөрүнүн жыштыгына көзкаранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]