Фазотрон

Википедия дан

Фазотрон (фаза жана ...трон), синхроциклотрон - заряддалган оор бөлүкчөлөрдүн (протон, нейтрон, ион ж. б.) циклдик ылдамдаткычы.

Мында магнит талаасы бир тектүү жана убакыттын өтүшү менен туруктуу болот, ал эми ылдамдануучу электр талаасынын жыштыгы өзгөрөт. Фазотрондон энергиясы 1 МВте протондорду алууга болот. Алар Фазотрондо жандырылган спираль түрүндө кыймылдашат. Фазотрон медицинада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4