Мазмунга өтүү

Фаина Раневская

Википедия дан
Фаина Георгиевна Раневская
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Фаина Гиршевна Фельдман
Туулган мезгили: 1896-жыл, Баш оона айынын (августтун) 27си (15и)
Туулган жери: Таганрог, мурдагы падышалык Орусия дөөлөтүнүн Донский аскери (Войска Донского) облусу
Өлгөн мезгили: 1984-жыл, Теке айынын (июлдун) 19у
Өлгөн жери: Москва шаары, СССР
Өлкө: СССР желеги Советтер Биримдиги (мурдагы падышалык Орусия)
Чыгармачыл ишмердүүлүгү: театр жана кино өнөрпозу
Ишмердүүлүгү: Орусиядагы жана СССРдеги театр өнөрү
Сыйлыктары: Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, Ардак Белгиси ордени, СССР Эл артисти, РСФСР Эл артисти, үч жолку Сталиндик сыйлыктын ээси (1949, 1951, 1951)

Фаина Георгиевна (Григорьевна) Раневская (төрөлгөндөгү тегаты – Фаина Гиршевна Фельдман; 1896-жылдын 27-августу (15-августу), Таганрог, Орусия – 1984-жылдын 19-июлу, Москва, СССР) – орус жана совет театр жана кино өнөрпозу, СССР Эл артисти, ылакап сөздөрү менен атыккан айым.

Кыскача өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Фаина Раневскаянын Таганрогдогу үйү.

Фаинанын ата-энеси 1889-жылы Орусияда Таганрогдогу синагогада никелешкен. Атасы Гирш Хаимович Фельдман Минск губерниясына караштуу Игумен үйөзүнүн Смиловичи шаарчасынан болгон.

Энеси Милька Рафаиловна Загайлова – Витебск губерниясынан чыккан. Экөө тең падышалык Орусияда «мещан» деп аталган социалдык катмарга таандык жөөттөрдөн болгон. Үйлөнгөн чакта атасы 26да, энеси 17де болгон.

Оболу эки уулдуу, бир кыздуу (Белла) болгон бул үй-бүлө, алты жарым жылдан соң, 1896-жылдын баш оона (август) айынын 27синде алар Фанни (Фаина) аттуу кыздуу болушат.

Фаина Таганрог Мариинск кыздар гимназиясын аяктайт. 14 жашынан тартып театрга кызыгат.

Гимназияны аяктаган соң, А.Ягеллонун (А.Н.Говбергдин) жеке менчик театр студиясында таалим алат.

1915-жылы Орусиянын ири шаары Маскөөгө бет алат. Ал кезде кайрадан борборго айлана элек бул шаарда Марина Цветаева, Осип Манделштам, Владимир Маяковский сыяктуу инсандар менен таанышат.

Бир жолу Фая Фельдман актерлор биржасына келип, мадам Лавровскаянын труппасына жазылат да, Керчь шаарына чыгармачыл сапарга кетет. Ал жактан жергиликтүү банкка келип, апасы жиберген акчаны алып, Митридат дөңсөөсүн көздөй чыгып келатканда, капысынан шамал анын колундагы акчаны учуруп кетет.

Фаина: - Алар учуп кетип жатканы кандай капа кылчу көрүнүш! – деп акчанын артынан карап калат. - Ой ий, Сиз нагыз эле (чеховдук) Раневская турбайсызбы! – деп жанында коштоп жүргөн театр актеру аны Антон Чеховдун “Алчалуу бак” чыгармасындагы башкы кейипкер Любовь Андреевна Раневскаяга окшоштурат. – Минтип ошол гана айта алмак!

Кийинчерээк, Фаина өзүнө жаңы адабий ысым издеп калганда, ошол окуяны эстеп “Раневская” деген тегатты тандап алган.

Фаина Раневская Баку шаарында. 1929-жыл.

Фаина Раневская Москва алдында, Крымда, Ростов-Дондо, Бакуда, Архангелскиде, Смоленскиде жана башка шаарларда ар кыл театрларда ролдор аткарган.

Маскөө шаарында Камералык театрда (1931-35), Кызыл Армиянын Борбордук театрында (1935-39), Драма театрында (азыркы В.Маяковский атындагы Москва академиялык театры, 1943-49), А.С.Пушкин театрында (1955-63), Москеңеш атындагы театрда (1949-55, 1963-84) иштеген.

Өзүнүн устаты катары Павла Леонтьевна Вульф айымды санаган.

Москеңеш (Моссовет) атындагы театрда иштеп жүргөндө театрдын баш режиссеру Юрий Александрович Завадский менен тез-тез айтыша кетип турган. Себеби Раневская брехттик усулдагы театрдын өкүлү болгон.

1934-жылы алгачкы жолу кинодо - Михаил Роммдун «Болтогой» («Пышка») деген тасмасында рол аткарат.

Айтылуу «Карлсон кайтып келди» деген мултфилмдин үнүн жаздырганда ал Фрекен Бок деген кейипкердин үнүн окуп берет.

Фаина Раневская 1984-жылы теке (июль) айынын 19унда дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Маскөөдөгү «Жаңы Донск көрүстөнүндө эжеси Изабелланын жанына жерге берилген.

Британдык «Кимдин кимдиги» (Who is Who) энциклопедиясы 1992-жылкы чыгарылышында аны 20-кылымдагы даңазалуу өнөрпоз айымдардын тизмесине кошкон.

Раневская таамай сөздөрү, ачуу чындыкты түз айтканы, ылакапка айланган учкул сөздөрү менен да калайык эсинде калды.

Анын өмүрүнүн мисалында «Доор жылдызы» («Звезда эпохи») сериалы да тартылды. Раневскаянын ролун анда Татьяна Григорьевна Васильева аткарган.

Кызыктуу окуялар жана учурлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Таштанды бала» («Подкидыш») кино тасмасындагы айтылуу «Муля, менин жиниме тийбечи!» («Муля, не нервируй меня!») деген сөздү Рина Зелёная ойлоп тапкан экен. Өмүр бою Раневскаяны көрүнгөн жерден «Муля» деп эркелетип же шакаба чегип аташчу экен.

Ал түгүл Леонид Брежнев 1976-жылы раневскаянын 80 жылдыгына байланыштуу айымга орден тапшыруу аземинин алдында: «Мына, Биздин «Муля, менин жиниме тийбечибиз» да келе жатат!» деп айткан экен. Раневская ага: «Леонид Ильич, мага минтип эселек балдар же хулигандар гана кайрылат!» деп жооп кайырыптыр. Саал оңтойсузданган Брежнев: «Кечирип коюңуз, бирок мен Сизди абдан жакшы көрөм» - деген экен.

  • Фаина дайыма өзүнө сын көз менен караган.

«Талант – бул өзүнө өзү ишенбөөчүлүк жана өзүнө, өзүнүн кемчиликтерине жан кейите канааттанбагандык, мындай сапатты мен жөндөмү жоктордон эч качан учурата алган эмесмин». Ал карапайым театр аздектөөчүлөр эмес, кайсы-бир аткаминерлер сынап карап отурганда рол аткарганды жининдей көрчү. Бир ирет ал мындай деп айткан: «Бүгүн ролду абдан жаман аткарып жатам, анткени Сталиндик сыйлыкты ыйгарчу комитет оюнду көрүп жатат. Сынак тапшырып жаткандай эң жийиркеничтүү сезим».

  • Раневская өзүн чекисттер кызматташууга чакырбаса экен деп корккон. Ага бир таанышы акыл айтып, эгерде ошондой сунуш түшсө, «түшүмдө кыйкыра берем» деген шылтоо айт дейт.

Бир күнү Москеңеш театрынын парторгу ага «партияга өтөсүңбү?» деп кайрылса, Фаина жооп кайырыптыр: «Коюңузчу, байболгур! Мен түшүмөн чочуп кыйкыра берет эмесминби!»

Фильм таануу (кыскача)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. 1934 — «Болтогой» («Пышка») — Луазо айым
  2. 1937 — «Голот деген козак тууралуу ой» («Дума про казака Голоту») фильми — Попадья
  3. 1939 — «Инженер Кочиндин жаңылыштыгы» («Ошибка инженера Кочина») тасмасы — Ида Гуревич, кийим тиккичтин аялы
  4. 1939 — «Таштанды бала» («Подкидыш») — Ляля
  5. 1942 — «Александр Пархоменко» тасмасы — кечеде акыга пианино ойногон өрнөрпоз (орусча - «тапёрша»)
  6. 1943 — «Швейктин жаңы жоруктары» («Новые похождения Швейка») - («Жоокердин жомогу» - «Солдатская сказка») — Адель жеңеке
  7. 1947 — «Көктөм» («Весна») — Маргарита Львовна
  8. 1947 — «Күлчү кыз» («Золушка») — Өгөй эне
  9. 1947 — «Катардагы Александр Матросов» («Рядовой Александр Матросов») — аскердик дарыгер
  10. 1949 — «Элбадагы кезигишүү» («Встреча на Эльбе») — миссис Мак-Дермот
  11. 1949 — «Алардын Атажурту бар» («У них есть Родина») — фрау Вурст (1951-жылы 3-даражадагы Сталиндик сыйлыкка татыган)
  12. 1960 — «Абайлагыла, чоң эне турат!» («Осторожно, бабушка!») (фильм)|Осторожно, бабушка!]] — чоң эне
  13. 1964 — «Фитиль» (киножурнал), № 33 — Пискунова («Барбайм» - «Не поеду» сюжети)
  14. 1965 — "Алгачкы кирген кардар" ("Первый посетитель") — байбиче
  15. 1966 — "Бүгүн жаңы аттаркцион" ("Сегодня — новый аттракцион") — цирк директору
  16. 1978 — «Андан ары – жымжырттык» («Дальше — тишина»), (фильм-спектакль) — Люси Купер
  17. 1980 — «Эчаккы доордун комедиясы» («Комедия давно минувших дней»)

Театрдагы ролдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1936 — «Васса Железнова» (Максим Горький) — Васса
  • 1945 — «Түлкүжандар» («Лисички») ([Лилиан Хелман) — Берди
  • 1980 — «Чындык – жакшы, бакыт – андан да мыктыраак» («Правда — хорошо, а счастье лучше») (А.Н.Островский) — Филицата

Сыйлыктары. Наамдары.

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2001-жылкы марка.
  • 2-даражадагы Сталиндик сыйлык. 1949-жыл. Бул сыйлык А.П.Штейндин «Сыймык мыйзамы» драмасындагы Лосевдин аялынын ролун аткарганы үчүн ыйгарылган.
  • 2-даражадагы Сталиндик сыйлык. 1951-жыл. Бул сыйлык А.А.Суровдун «Маскөөдө аткан таң» драмасындагы Агриппина Солнцеванын ролун аткарганы үчүн ыйгарылган.
  • 3-даражадагы Сталиндик сыйлык. 1951-жыл. Бул сыйлык «Алардын Атажурту бар» («У них есть Родина») тасмасында фрау Вурсттун ролун аткарганы үчүн ыйгарылган.
  • РСФСРдин эмгек сиңирген артисти, (1937-жыл)
  • РСФСР Эл артисти, (1947-жыл)
  • СССР Эл артисти, (1961-жыл)
  • «Ардак Белгиси» ордени (1947-жыл)
  • Эмгек Кызыл Туу ордени (1950-жыл, 1967-жыл)
  • Ленин ордени (1976-жыл)
  • 1990-жыл - «Экран» кинобирикмесминде «Раневскаяны эскерип» («Вспоминая Раневскую») деген 2 сериялуу даректүү тасма чыкты (режиссерлор - Олег Дорман жана Алексей Габрилович).
  • Таганрог шаарында бир көчө Ф. Г.Раневскаянын атын алды.
  • Таганрог шаарында 2008-жылдын 16-майында Раневскаянын эстелиги ачылды.
  • 2011-жылдын 27-августунда, Раневскаянын 115 жылдык мааракесине карата, Google интернет барагы өнөрпоз айымдын элеси түшүрүлгөн атайын логотип жарыялады.

http://www.google.ru/logos/logos11-3.html

Кыскача адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Фаина Раневская: «Судьба - шлюха» / Составитель Д.Щеглов. – М.: Издательство «Астрель», 2004. 203 с. – ISBN 5-17-014443-1. (АСТ, 2008. — 223 с.)
  • Щеглов А. «Раневская»: Фрагменты жизни. — М.: Издательство Захаров. 2005. – ISBN 978-5-8159-0860-4
  • Вып. 4. Гейзер, Матвей Моисеевич. Фаина Раневская. — 2010. — 308 с. — 5000 экз., ил. — ISBN 978-5-235-03290-3.
  • Вып. 7. Гейзер, Матвей Моисеевич. Фаина Раневская. 2-е изд. – 2010. — ISBN 978-5-235-03372-6.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]