Файлдык системалар

Википедия дан

Файлдык система (англ. file system) — сактоо каражаттарда маалыматтарды уюштуруу, сактоо жана ат берүү жолун аныктооочу тартип.

Ар бир компьютер файлы кандайдыр бир көлөмдөгү сактоо тетикте сакталып турат. Негизи, ар бир сактагыч (storage) санариптик маалыматты окутуу жана жаздыруу үчүн сызыктуу мейкиндик болуп эсептелет. Сактагычтагы ар бир маалыматтын байтынын сактоонун башталышындан (address) өзүнүн бутактамасы бар жана ошогу дарек боюнча шилтенип жатат. Сактагычты номерленген уячалардын жыйындысындан (ар бир уяча бир байт болот) турган бир тор катары кароого болот. Сактагычта сакталып жаткан бардык файлдар бул уячалардын санын алат.

Жалпысынан алганда, компьютер сактагычтар маалыматтын каалаган байтына кайрылыш үчүн диск секторун жана жолчо секторун колдонушат. Сектор байттардын тобу (негизи 512 байт), физикалык сактоонун минималдык даректелген бирдиги болуп саналат. Мисалы, катуу дисктеги 1040 байттагы файл 3 сектор болуп каралат жана акыркы секторунда 16 эле байт ээлегенин көрөбүз ([сектор] + [сектор] + [16 байт]). Бул схема маалыматка бат кайрылуу үчүн колдонулат.

Файл сактоо сектордун башынан башталып бүтүн секторду ээлейт (Мисалы, 10 байттык файл бүт секторду ээлейт, ошол эле учурда 512 байттык да бир секторду ээлейт, а бирок 514 байт – эки секторду).

Ар бир файл “бош” секторлордо сакталып белгилүү орду жана өлчөмү менен окула алынат. Бирок, секторлор колдонгонун же колдонбогонун кантип айта алабыз? Файл көлөмү жана орду кайда сакталат? Файлдын аты кайда? Жооптор файл системасы тарабынан берилет.

Жалпысынан, файл системасы маалыматтардын структуралык көрүнүшү жана сакталган берилиштерди баяндаган метаберилмелердин жайындысы. Файл системасы бүтүн сактоо максаттары үчүн гана кызмат кылбайт, ал ошондой эле логикалык дисктин – бөлөк сактоо сегментинин бөлүгү. Адатта, файл системалар секторлор менен эмес, кластерлер менен иш жүргүзөт. Файл системасынын кластерлери сактоонун даректөөсүн оптималдаштырган секторлордун топтому. Заманбап файл системалары жалпысынан 1ден 128 секторго чейин кластер өлчөмүн колдонууда (512-65536 байт). Файлдар адатта кластерлердин башынан баштап сакталып бүтүн кластерди ээлеп алышат.

Файл системасындагы аябагандай көп жаздыруу / өчүрүү амалдары фрагментациялоого алып келет. Натыйжада, файлдар бир болуп сакталбай, бөлүктөргө бөлүнүп сакталып калышат. Мисалы, бир сактагыч толугу менен 4 сектордон турган файлдар (мис. сүрөттөр жыйнагы) менен толторулган. Колдонуучу 8 кластерден турган файлды сактагысы келет, ошондуктан, ал алгачкы жана акыркы файлдарды жок кылат. Муну менен ал 8 сектор орун тазалайт, бирок, биринчи бөлүгү сактоо башталышына жакын, ал эми экинчиси - аягында. Бул учурда 8-кластердик файл экиге (ар бир бөлүгү үчүн 4 кластерден) бөлүнүп, бош орунду (“тешиктерди”) алат. Файлдын эки бөлүгү бир файлды түзгөндүгү жөнүндө маалымат файл системасында сакталат.

Колдонуучунун документтеринен тышкары, файл системасы, ошондой эле өз параметрлерин (мисалы, кластердин өлчөмү сыяктуу), файл дескрипторлорун (файл өлчөмү, файл жана анын фрагменттеринин жайгаштырылышы ж.б.), файл аталыштарын жана каталог иерархиясын өзүнө камтыйт. Ошондой эле коопсуздук маалыматты, кошумча сапаттарын жана башка параметрлерин сактайт.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]