Файл:Careerbook final.pdf

Википедия дан
барагына өтүү
кийинки барак →
кийинки барак →
кийинки барак →

Түп нуска файл(1 239 × 1 754 pixels, file size: 673 KB, MIME type: application/pdf, 14 pages)

КИРИШ СӨЗ

Глобализациянын таасиринен улам ылдамдаган жашоо темпи көптөгөн салттуу көрүнүштөрдүн, көз караштардын жана маданий чөйрөлөрдүн өзгөрүүсүн шарттады. Ошондон улам келечекти (карьераны) туура аныктоо жана убакытты натыйжалуу пландаштыруу темасы азыркы күндө олуттуу маселеге айланды.

Өнүккөн өлкөлөрдө ушул темага арналган атайын окуу материалдары өзгөчө популярдуу. Анткени карьералык өсүүнү илимий негизде уюштурбаса адам ресурсу, анын интеллектуалдык мүмкүнчүлүгү жеке адамдын, дегеле коомдун өсүп-өнүгүүсүнө кызмат кылбай каларын алар жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан бул китепти жазуудагы башкы максат – маанилүү чечимди кабыл алуу алдында турган жаштарга жардам берүү.

Мындай окулмалар келечекте окуу программаларына киргизилсе, алар көптөгөн окуучулардын жана студенттердин келечегин курууга жана карьерасын өстүрүүгө зор көмөк көрсөтөт деген ишеним бар. Анткени, ар бир атуулдун кесипти туура тандоосу жалпы улуттун өнүгүүсүнө салым кошот. Демек, өлкөнүн өнүгүүсү анын миңдеген жарандарынын туура чечим кабыл алуусунан турат.

Китептин I жана II бөлүмдөрү карьера өнүктүрүү жана убакытты башкарууга байланыштуу жалпы түшүнүк берет, ал эми III бөлүмүндө жашоону жана карьераны пландаштыруу темасы тереңирээк каралып, тесттер менен коштолот. Бул тесттер англис тилиндеги материалдардын негизинде кыскартылып берилди. Тесттердин кеңейтилген вариантын бул китептин интернет-жандоочусунан көчүрүп алууга болот.

Файлдын тарыхы

Файлдын мурдагы нускасын көрүү үчүн тийиштүү убакыт/датаны басыңыз

Убакыт/датаМиниатюраӨлчөмКолдонуучуТүшүндүрмө
учурдагы14:51, 13 январь 200814:51, 13 январь 2008 -дагы версиясы үчүн кичирейтилген сүрөтү1 239 × 1 754, 14 барактар (673 KB)Askarbek~kywiki (талкуу | салымы)КИРИШ СӨЗ Глобализациянын таасиринен улам ылдамдаган жашоо темпи көптөгөн салттуу көрүнүштөрдүн, көз караштардын жана маданий чөйрөлөрд

Бул файлды колдонгон барактар ​​жок.