Фактура

Википедия дан

Фактура (латынча factura – жасоо) – живописте жана скульпторлукта – курчап турган чындыкты туура сүрөттөө каражаты катары колдонулган көркөм чыгарманын үстүнкү бетинин материалдык, көзгө көрүнгөн өзгөчө сапаттары. Фактуралык айырмачылыктар биринчи кезекте натуранын өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен аныкталат (мисалы, живописте терең, тунук көлөкөлөр, жука, тегиз боёк катмары менен өтө жарык кылынган орундар менен күңүрт фондогу ак тактарга (бликтерге) карама-каршы берилет; скульпторлукта адамдын бети анын чачы, кийимине салыштырмалуу тегиз, жылмакай берилет жана башкалар). Ф-нын өзгөчө сапаттары материалдын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө, тапшырманын аткарылыш мүнөзүнө (мисалы, сүрөттүк шилтемди эч качан картинадай тартышпайт), сүрөттүн масштабына, сүрөтчүнүн жеке өзгөчөлүктөрүнө көз каранды. Термин кээде реалдуу предметтин үстүңкү бетинин өзгөчө сапаттарын көрсөтөт, бул учурда көркөм өнөрдө Ф. жөнүндө көркөм чыгарманын үстүңкү бетинин өзгөчө сапаттарына карабастан, таза сүрөттөөчү натыйжа катары сөз кылышат. Мындай түшүнүк көп учурда графика чыгармаларында көп кездешет (алардын үстүңкү бети дайыма тегиз, жылмакай бойдон калат). Ф. түшүнүгү менен «сүрөтчүнүн кол жазмасы» тыгыз байланышкан, ал сүрөтчүнүн колунун кыймылына мүнөздүү белгилүү бир өзгөчө ритмин элестетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]