Фаренгейт шкаласы

Википедия дан

Фаренгейт шкаласы - нормалдуу атмосфералык басымда муздун эрүү чекитинен суунун кайноо чекитине чейинки температуранын 180 бөлүккө бөлүнгөн шкаласы.

Бул шкаланын бир бөлүгү 1°F деп эсептелет. Муздун эрүү чекити үчүн 32°F, кайноо чекити үчүн 212°F кабыл алынган. Д. Г. Фаренгейт сунуштаган (1924). Ф. ш. АКШда, Англияда колдонулат. Цельсий шкаласына t=5/9(t^-32°F) формуласы аркылуу өтүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4