Фармация

Википедия дан
Жанчуур жана сок билек, фармациянын эл аралык белгиси.

Фармация, оточулукдарыларды издеп табуу, изилдөө, аларды даярдоо, сактоо жана берүү, дары менен камсыз кылууну уюштуруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүчү илимий-практикалык тармак. Фармакология илими менен бирдикте дарылар жөнүндөгү окууну түзөт.

Фармацияга фармацевтикалык химия, дарылардын технологиясы жана дары формалар, соттук химия, фармакогнозия жана башкалар кирет. Фармациянын келечектеги багыты — биоформация. Фармацевттик мекемелерге илим изилдөө институттар, дарыларды даярдоочу лаборатория жана ишканалар, дары өсүмдүктөрдү чогултуу жана иштетүүнү жетектеген мекемелер, аптекалар жана дары сактоочу жайлар кирет. Фармация боюнча адистер фармацевт (оточу / ото - эм-эбек, дары чөп) деп аталат.

Фармацевт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дары-дармек боюнча жогорку же орто билимдүү адис. Ал аптекада, химиялык - фармацевттик заводдордо дары даярдоо боюнча иштейт. Кыргызстанда фармацевттер медициналык институттардын фармацевттик факультетинде даярдалат.