Мазмунга өтүү

Фасциолёз

Википедия дан

Фасциолёз - малдын мите курттар пайда кылуучу «боор курт ылаңы».

Митенин уз. 2-3 см, эң чоңу 7,5 см. Боор курттар өт түтүктөрүндө мителик кылат. Фасциолёз жер шарында кеңири тараган ылаң. Аны менен уй, кой, эчки, жылкы, төө, чочко, коён, ошондой эле адам да оорушу ыктымал. Ылаңдаган айбанаттын тезеги, дарттуу адамдын заңы аркылуу боор курттун сиркеси бөлүнүп чыгып, жайытты, сууну булгайт. Ыңгайлуу айлана-чөйрөдө сирке куртка айланып, өсүмдүк, суу аркылуу жаныбарларга тарайт. Организмде боор курттар 4-5 жыл, кээде андан да көп жашайт. Айрым учурда ылаңдаган малдын ичи көөп, чычкактайт. Көзүнүн тегереги, моюндун, төштүн алды шишийт, малдын кунардуулугу төмөндөйт.

Сактануу чаралары: сууну кайнатып ичүү, жашылчаны кайнак суу менен жууп тазалоо. Дары катары оксидин, занил, гексахлорэтан, торт хлордуу көмүртектин вазелин май менен аралашмасы, гексахлорпараксилол, битионол жана филиксан колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.