Фельдшпатоиддер

Википедия дан

Фельдшпатоиддер (нем. Feldspat - талаа шпаты) - тоо тек түзүүчү минералдар тобу, натрий, калий жана кальцийдин алюмосиликаттары.

Бул топко: лейцит, содалит, нефелин, канкринит, нозеан жана гаюин, лазурит, тугтупит кирет. Алар кремнезёмге абдан жарды жегичтүү магмада пайда болгондуктан, кремний к-тасына каныкпагандыгы менен талаа шпатынан айыр-. маланып турат. Тоо тектердин талаа шпатынын жаңы түзүлүштөрүнө байышы фельдшпатташуу деп аталат. Бул процесс щелочтуу метасамотозго байланыштуу же тоо тектерге гидротерм эритмесинин таасиринен жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4