Фельетон

Википедия дан

Фельетон (фр. feuilleton — өткүр маанидеги кат) — мезгилдүү басма сөз үчүн жазылган коомдук турмуштагы конкреттүү окуяларды же адамдарды сынга алган сатиралык мүнөздөгү көркөм-публицистикалык жанр. XIX кылымдын башында француздук газеталарда мода жана театр рекламаларын жарыялоо үчүн чыгарылган атайын баракчалар «Фельетон» деп аталып, кийин бул барактарга күлкүлүү чыгармалар да жарыялана баштаган. Кийинчерээк термин өз маанисин такыр өзгөртүп, макалалардын жанрын белгилеп калды. Фельетончу документалдуулукка таянуу менен, өз баяндоосунун максатына ылайык, айрым апыртууларды, какшыктарды колдонот, көркөмдөйт. Фельетондор ыр, прөза, айрым учурда диалогдук драма формасында болот. Кыргыз адабиятыиын тарыхында А. Токомбаев, А. Убукеев, М. Алыбаев, К. Каимов өңдүү фельетончулардын чыгармалары ар кыл мезгилдеги терс көрүнүштөрдүн бетин ачкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]