Феноменология

Википедия дан

Феноменология (гр. сөзмө-сөз - феномендер жөнүндө окуу) - философиялык дисциплина, философия илимд. бир багыты; милдеттери:

1) сезим аркылуу таанып-билүүнү сындоо (И. Г. Ломберг, И. Кант), философиянын калыптанышы жөнүндөгү ан-сезим формаларын тарыхый жактан изилдөө (Г. «Гегелдин Рух феномологиясы»), психологиянын психикалык феномендерин тактап (Ф. Брентано, А. Мейнонг) түшүндүргөн философиялык окуу. Тактап айтканда философиялык ой-жүгүртүүнү натурафилософиялык түшүнүктөн арылтууну көздөйт;
2) идеологиялык философиялык багыттын принциптери (20к-дын башында Э. Гуссерль киргизген);
Феноменологиянын милдети болмуш жөнүндөгү ар кандай ырастоолорду четке кагуу менен башынан өткөндөр жана алардын мазмунунда сакталган маалыматтарды анализдөө аркылуу спекулятивдик көз караштарды аныктоого түрткү берүү, аң-сезимдин болгон мүмкүнчүлүктөрүн интенционалдуулукка (б. а. предметке карата багыт алууга жетишүүгө) жакын турган феномениялык редукция жолу аркылуу ан-сезимдин эң башкы ийкемдүү тажырыйбасын табуу. Феноменология алгач ар кандайча айтылып, логика менен онтологияга жакын саналса да, кийин онтологиянын сапаттык касиети катары санала баштады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4