Фенхель

Википедия дан

Фенхель (Foeniculnm) - чатыр гүлдүүлөр тукумундагы эки же көп жылдык чөп өсүмдүгү.

Эки түрү белгилүү. кеңири таралганы кадимки Фенхель; түз, жумуру сабактуу, бутактуу, бийиктиги 2 мге жетет. Тамыры жоон, жалбырагы ичке, кезектешип жайгашат. Гүлү сары, майда. Уругунда эфир майы болгондуктан даамы ачуу. 1000 данынын салм. 5-6 г. Фенхель нымчыл, жылуучул өсүмдүк. Жапайы түрү Жер Ортолук деңиз жээгинде, Кавказда жана Крымда өсөт. Европанын көп өлкөлөрүндө, Япония, АКШ, Түндүк-Чыгыш Африкада эгилет. Уругу мурдатан дары катары белгилүү. Фенхельдин уругунан алынган эфир майы парфюмерия, медицина, ветеринарияда керектелет. Уругу ич көбүүдө ичилүүчү аш көк суусун даярдоодо, күнжарасы тоют катары колдонулат.

Зыянкечи: күзгү көпөлөк, талаа көпөлөгү; илдети - церкоспороз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.