Феофан грек

Википедия дан

Феофан грек (1340-ж. чен – 1405-жылдан кийин) – византиялык сүрөтчү. XIV кылымдын 70-жылдарынан тартып Россияда иштеген. Фреска, икона жана миниатюра чебери. Ф. Г-тин фрескалары Новгороддогу Спас Преображения чиркөөсүндө (1378), Москва Кремлиндеги Благовещенский соборунда (1405) сакталган. Ф. Г-тин мыкты чыгармалары адамды сүйүү анын болочок тагдыры жөнүндө ой жүгүртүүгө, драматизмге ширелген. Ф. Г-тин чыгармачылыгы кийинки орус сүрөтчүлөрүнө чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]