Ферганит

Википедия дан

Ферганит (Фергана өрөөнүнүн атынан аталган) – минерал, LiH((U02)4(OH)4(V04)2)-2H20.

Ачык сары түстө, момдой жылтырайт, жарык өтөт, катуулугу 2 - 2,5, с. салм. 3,31. Уран кендериндеги экинчилик шартта пайда болгон минерал. Чөкмө кендердин кычкылдануу зонасында, карст боштуктарында, ошондой эле карнотиттүү жана төө-моюниттүү акиташта кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4