Фергусонит

Википедия дан

Фергусонит (шотландиялык врач Р. Фергюсондун (1799-1865) ысмынан аталган) - татаал оксиддер классчасындагы минерал, иттрий менен лантоиддердин тантал-ниобаты (Ү, TR) ((Nb, Та)04).

Кошундулары U, Th ж. б. Курамынын 51,5% ин Nb205, иттрийдин жана оор лантаноиддердин оксиддери биригип 32,5-51,5%ин, ошондой эле кошундулары: 6,8% ке чейин Th02 жана 1-4% ин U02 түзөт. Kapa, жашгылт күрөң кристаллдары бүртүкчөлөр жана агрегат түрүндө. Метамиктик Ф. чайырдай, кристаллдык Фергусонит алмаздай жылтырайт. Катуулугу 5,5-7, тыгыздыгы 5,66,0 г/см3, морточо Радиоактивдүү. Пегматиттерде, грейзенде, ошондой эле үбөлөнүүгө туруктуу келгендиктен кен чачындысында кездешет. Иттрийдин, сейрек жер металлдардын, танталдын, ниобийдин кенташы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4