Ферми бети
Көрүнүш
Ферми бети – квазиимпульстар мейкиндигиндеги изоэнергиялык бет.
Ал Т=0°К кезинде, металлдагы электрондор менен толгон абалдарды бош абалдардан бөлүп турат. Ферми бетинин геометриялык мүнөздөмөсү (формасы, ийрилиги, кесилиш аянты ж. б.) металлдын физикалык касиеттерине көзкаранды. Ошондуктан эксперименталдык маалыматтар боюнча Ферми бетин түзүүгө болот. Ар бир металл өзүнүн Ферми бети менен мүнөздөлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0