Ферми энергиясы
Ферми энергиясы – ферми деңгээлине туура келген энергия.
Ферми энергиясы абсолюттук нөл температурадагы бөлчөк спиндүү бөлүкчөлөрдүн же квази-бөлүкчөлөрдүн максималдык энергиясы. Ферми энергиясынын болушу, Паули принцибинин натыйжасы. Ферми энергиясы түшүнүгү катуу заттардын физикасында, ядролук физикада, астрофизикада ж. б. колдонулат. Бул энергиянын чоңдугу металл-дарда 105 Кге, гелийде 1Кге жакын, жылдыз материясында 106 Кге жетет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0