Ферриттер

Википедия дан

Ферриттер – Fe2O3 башка металлдар оксиддери менен болгон бирикмеси. Структурасы Ф. шпинел. структурасындай болгон Ф. шпинелдер-MFe2O4, М=Ni,Co,Fe,Mn,Mg, Cu; Гранит минералынын кубдук структурасындай түзүлүштөгү Ф. – граниттер – M3Fe5O12. М-кээ бир сейрек кездешүүчү элементтер; Перовскит минералы менен изоморфтуу ортоферриттер MFeO3, М-сейрек кездешүүчү элементтер; гексагоналдык кристаллдык структуралуу гексаферриттер; мисалы, ВаО ·6Fe2O3. Жарым кристаллдык Ф. 900-15000С баштапкы оксид же карбонат, туздар (нитрат, сульфат) бирге буулантылган же чогуу чөгөрүлгөн гидроксид, оксалат, карбонат ысытуу аркылуу алынат. Монокристаллы Чохральский, Вернейл жана башка методу менен өстүрүлөт. Ф. магниттик материал катарында радиотехника, электротехника, автоматика, эсептөө техника (ферриттик антеналар – жана башка) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]