Ферромагнетик

Википедия дан

Ферромагнетик - магниттик өткөрүмдүүлүгү бирден бир кыйла чоң болгон, микроскопиялык өлчөмдөгү аймактары - домендери бар кристаллдык зат.

Сырткы магнит талаасындагы Ферромагнетиктерде домендердин магниттик моменттери бир багытта жайгашып, сырткы талаанын чыңалышын кескин чоңойтот. Талаанын чыңалышы чоңойгон сайын домендердин магнит моменттеринин иреттүү жайгашуусу да көбөйүп, жалпы талаанын чыңалышы миңдеген эсе өсөт. Сырткы талааны алып таштоо менен Ферромагнетиктердин магнит талаасы жоголбойт. Ферромагнетиктерге Fe, Co, Ni жана сейрек кездешүүчү Gd, ТЪ, Dy, Ho, Er, Tm элементтери жана алардын куймалары, бир катар кошулмалары кирет. Ф-тин магниттик кабыл алуучулугу оң жана 1ден жогору мааниге ээ. Ферромагнетикке гистерезис кубулушу мүнөздүү. Мындай заттар электро техникада, байланыш жана радио-техникада, туруктуу магниттерди даярдоодо ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4