Мазмунга өтүү

Феррометр

Википедия дан

Феррометр (ферро... жана гр. metгeo - өлчөйм) - өзгөрмө магнит талаасында магниттүү жумшак материалды сынагыч прибор.

Феррометр магниттүү материалдан жасалган өзөкчөгө оролгон оромодо пайда болгон э. к. к-нүн орточо маанисин өлчөөгө мумкүндүк берет; бул э. к. к. боюнча ферромагнит үлгүдөгү магнит индукциясынын жана магниттегич токтун, б. а. магнит талаасынын чыңалышынын заматтагы маанисин аныктайт. Башкаруучу токтун фазасын удаалаш өзгөртүү менен убакыттын ар кандай учурлары үчүн талаанын индукциясынын жана чыңалышынын заматтагы маанилери өлчөнөт. Ченөөлөрдүн натыйжасын пайдаланып, гистерезистин (графиктин) кыймылдуу цикли чийилет. Феррометрдин жардамы менен гистерезисти жана куюн тогунун салыштырма жоготуусун аныктоого болот

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.