Фехтование

Википедия дан

Фехтование (нем. fechten - беттешүү, сайышуу) - спорттун бир түрү.

Фехтованиеде спортчулар атайын куралдар (кылыч, рапира, шпага) менен жекеме-жеке чыгышат. Беттешүү мезгилинде ар бир спортчу атаандашына куралын көп ирет тийгизүүгө, ошол эле учурда өзүнө курал тийгизбөөгө аракеттенет. Фехтование боюнча узундугу 14 м, туурасы 2 м аянтта, рапира (узундугу 90-110 см), кылыч (узундугу 105 см) жана шпага (узундугу 110 слгдей) менен мелдеш өткөрүлөт. Эркектер жана аялдар жекече же командалык беттешишет. Фехтованиеде спортчулар ак костюм, темир торлуу бет кап жана атайын мээлей кийишет.

19-к. Францияда, Румынияда, Венгрияда спорттун бир түрү катары өнүккөн. 1896-жылдан олимпиялык оюндардын программасына киргизилген. 1913-ж. эл аралык федерациясы түзүлүп, 1937-жылдан дүйнөлүк чемпионаттар өткөрүлүп келет. КРде Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында атайын ийримдер иш алып барат. 1978-ж. окуучулардын бүткүл союздук 15-спартакиадасында Кыргызстандын командасы биринчиликти алган. Көптөгөн дасыккан машыктыруучулар бар (В. И. Иваненко, А. Павлов, В. Шепетков ж. б.). Бүгүнкү күндө кыргыз спортчулары Фехтование боюнча Азия оюндары, Универсиадалар, дүйнөлүк чемпионаттарга катышууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4