Фигурация
Фигурация (лат. fıguratio - кейип, түзүлүш, кооздоо, гүлдөтүү) - музыкалык чыгарманын фактуралык иштетүү усулу.
Фигурациянын үч түрү кезигет: гармоникалык Фигурация – үндөштүктүн добуштарына негизделген обон кыймылы; мелодикалык Фигурация - үндөш-түккө кирген жана кирбеген добуштар кыймылдары; ыргактык Фигурация – тигил же бул ыргактык бирдиктеги добуш аралыктарынын, үндөштүктөрдүн кайталанышы.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.