Фидеизм

Википедия дан

Фидеизм (лат. fides – ишеним), илимди динге багындырууга умтулган, илимий ачылыштарды религиялык догмаларды коргоо үчүн аракеттенген реакциячыл окуу. Илимдин чөйрөсүн кыскартуу менен фидеисттер: «илимпоздор чындыктын түпкү-тамырына жете албайт»- деп ишенишкен. Азыркы учурдагы фидеизм илимди дээрлик жокко чыгарбайт, объективдүү чындыкка гана каршы чыгат. Фидеизмдик окуу илимди методологиялык өзгөчөлүгүнөн кол үзүүнү көксөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Дин (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9