Фиельструп Феодор (Теодор) Артурович

Википедия дан

Фиельструп Феодор (Теодор) Артурович, россиялык, советтик саякатчы, таанымал этнограф, кыргыздардын этнографиясын жазган эн таанымал изилдөөчүлөрдөн, кыргыздар тууралу фундаменталдуу эмгек жазган, 1889-ж. 19-январында Петербургда туулган, атасы Артур-Фредерик Фиельструп улуту дан (даниялык), 1856-ж. Копенгагенде туулган. Техникалык университетти аяктагандан соң, Россияга келет, энеси – Флоренция Мэри Фиельструп теги англистерден, англис тилинен сабак берген. Теодор Фиельструп гимназияны. Андан соь соода училищесин аяктайт. 1908-ж. Петербург университетинин Чыгыш тилдер факультетине келип кирет. Ошол эле жылы окуу жайдын роман-герман бөлүмүнө которулат. Ал өз убагында атактуу орус этнографы Л.Я.Штернбергдин Петербург университетинин алдындагы антропология жана этнография тармактары боюнча уюштурулган ийримдеги лекциясын кунт коюп уккан. 1912-1913-жж. чет элдик илим адамдары менен Кавказга, Монголияга саякат жасаган. 1914-1915, андан соң, 1916 жж. Туштүк Америкадагы индей урууларынын ичине илимий жүрүшкө катышып, анын натыйжасында бир катар илимий билдирүүлөрдү жасаган. Императордук Орус географиялык Коому талантуу жаш илимпозду атайын медаль менен сыйлашканы маалым. Бул илимий жүрүштө испан тилин кунт коюп өздөштүргөн. 1916-ж. университетти аяктагандан кийин Археология жана Этнография музейине (МАЭ) кызматка алынат. 1918-ж. белгилүү башкыртаануучу жана археолог С.И.Руденко менен биргеликте Урал жана Томск аймактарынын этникалык картасын чийген. 1920-ж. Томскиге биротоло келип, университетте дарс окуп, студенттер үчүн Минусин-Абакан илимий-практикалык экспедициясын уюштурат. Енисей кыргыздарынын урпактарына болгон (хакастарга) илимий сапарга С.И.Руденко менен биргеликте катышкан экен. Хакастардын ичинде үйлөнүү салтына багышталган көрүнүштөр жана каадалар, сүт азыктары боюнча атайын илимий макалаларды жарыкка чыгарган. Хакастардын элдик оозеки чыгармалары жана фольклору боюнча атактуу түрколог С.Е.Малов менен биргеликте илимий изилдөөнү жарыкка чыгарышкан. Хакастардын ичинде болуу жана изилдөө иштери В.А. Фиельструп андан сонку учурда теңир тоо кыргыздарына илимий жүрүштү уюштурууга турткү бергендей. Ошол эле жылдары козголоңчул адмирал Колчактын армиясына чакырылып, француз генералына тилмеч катары кызмат өтөгөн экен. 1921-1925 жж. Крым ж.б. жерлерде МАЭ үчүн музейлик предметтерди жыйноо менен алектенет. 1924-1945 жж. Средазкомстаристин бөлгөн каражаты менен Кыргызстандын Тенир Тоо жана Фергана өрөөнүнүн аймактарын тереңдетип изилдейт. Кыргыздардын этнографиясы боюнча өтө зор маалыматтарды жыйнап илимге киргизген. Тилекке каршы, ал фундаменталдуу эмгек кийнчерээк гана жарык көргөн (Из обрядовой жизни киргизов начала ХХ в. / В.А. Фиельструп; Отв. ред. Б.Х. Кармышева, С.С.Губаева ; Ин-т этнологии и антропологии им. Н.Н. Миклухо-Маклая. — М. : Наука, 2002. -300 с. : ил.). 1933-ж. Кавказга акыркы ирет илимий экспедиция уюштурат. Ошол эле жылы 26-ноябрда камакка алынып, 7-декабрда НКВД алган сурак учурунда өлтүрүлгөн. 1958-ж. Феодор Артурович Фиельструп кайра акталган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Этнический состав населения Приуралья. С этнографической картой и дополнениями к ней / Труды Комиссии по изучению племенного состава населения СССР и сопредельных стран АН СССР. Т. 2. Л., 1926.
  • "Кара космос" Рубрука // Этнография. 1926. № 1/2. С. 259-261
  • Исследования среди кара-киргиз: Этнографическая экспедиции 1924-1925 гг. Л., 1926
  • Свадебные жилища турецких народностей // Материалы по этнографии. Л., 1926. Т. 3. Вып. 1, С. 111—122;
  • Скотоводство и кочевание в части степей Западного Казахстана // Материалы ОКИСАР. 1927. Вып. 11. С. 78-107;
  • К изучению турецких абаканских наречий // Записки Коллегии востоковедов при Азиатском музее Российской академии наук. Л., 1928. Т. 3. Вып. 2. С. 289—304. (совм. с С. Е. Маловым)
  • Молочные продукты турков-кочевников / Казаки. Сборник статей антропологического отряда Казакстанской экспедиции АН СССР. Исследование 1927 г. (Материалы комиссии экспедиционных исследований. Вып. 15). М., 1930, с. 263 — 301.
  • Из обрядовой жизни киргизов начала ХХ в. / В.А. Фиельструп; Отв. ред. Б.Х. Кармышева, С.С. Губаева ; Ин-т этнологии и антропологии им. Н.Н. Миклухо-Маклая. — М. : Наука, 2002. — 300 с. : ил. — ISBN 5-02-008775-0 (в пер.).

Ф.А.Фиельструп тууралуу илимий эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абрамзон C. М. Краеведческая работа в Киргизии // Изв. ЦБК. 1929. № 9. С. 26; НРЛ. С. 369;
  • Бонч Осмоловский Г.А. Скелет стопы и голени ископаемого человека из грота Киик-Коба // Палеолит Крыма. Вып. 3. Ред. и доп. В. В. Бунака. М.—Л., 1954.
  • Дридзо А. Д. Аргентина и Чили в путевом дневнике Ф. А. Фиельструпа // Курьер Петровской Кунсткамеры. 1996. Вып. 4/5. С. 262-275;
  • Кармышева Б. Х. Этнологическое изучение народов Средней Азии и Казахстана в 1920-е годы: (Полевые иссл-ния Ф. А. Фиельструпа) // Очерки истории русской этнографии, фольклористики и антропологии. Вып. 10. М., 1988. С. 38-62;
  • Кармышева Б. Х. От тропических лесов Амазонки до центральноазиатских степей: Жизненный путь Ф. А. Фиельструпа // РЭ. С. 152-163.
  • Лукин Б. В. Из материалов русской научной экспедиции 1914-1915 гг. в Южную Америку // Латинская Америка. 1977. № 1. С. 158-190;
  • Лукин Б. В. Хуан Амбросетти и его связи с русскими этнографами (К столетию со дня рождения) // СЭ. 1965, № 4, с. 135.
  • Милибанд С. Д. Биобиблиографический словарь отечественных востоковедов с 1917 г. Кн. 2. М., 1995, с. 232 — 233;
  • Смирнова Н. А. Вторая русская экспедиция в Южную Америку 1914-1915 гг., ее материалы и коллекции // Советская этнография. 1966. № 6. С. 98-112;
  • Танасийчук В. Н. Русские студенты в Южной Америке // Наука и жизнь. 1966, № 1, с. 123.
  • Шерстобитов В. П., Орозалиев К. К., Винник Д. Ф. Очерк истории исторической науки в советском Киргизстане (1918-1960 гг.). Фрунзе, 1961. С. 23;
  • Шпринцин Н. Г. Шаванты (Из материалов русской экспедиции в Южную Америку) // КСИЭ. 1952. Вып. 17, C. 47.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015