Физикалык чоңдукту ченөө

Википедия дан

Физикалык чоңдукту ченөө – физикалык чоңдуктун бирдигин сактаган жана ченеле турган чоңдуктун бирдиги менен ошол чоңдуктун маанилеринин катышын табууну (ачык же көмүскө түрдө) камсыз кылган техникалык куралдарды колдонуу боюнча операциялардын жыйындысы.

Чоңдукту аныктоо шартына жараша ченөө экиге бөлүнөт: Түздөн-түз ченөө – физикалык чоңдуктун аныкталуучу маанисин түздөн-түз анын өзүнөн алуучу ченөө. Кыйыр ченөө – физикалык чоңдуктун аныкталуучу маанисин аны менен функциялык байланышы бар башка физикалык чоңдуктарды түздөн-түз ченөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде табуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]