Физиологиялык акустика

Википедия дан

Физиологиялык акустика, биоакустикa - акустиканын адам жана жаныбардын үн кабыл алуучу жана үн чыгаруучу органдарынын түзүлүшүн жана иштөөсүн үйрөтүүчү бир бөлүгү.

Физиологиялык акустиканын ыкмалары физикалык, психофизиол., ошондой эле механикалык, электрдик жана математикалык моделдештирүү түрүндө болушу мүмкүн. Физикалык ыкмада биологиялык табияттагы үн атайын аппараттар менен анализделет жана үндүн чөйрөдөн рецептордук клеткаларга же үн чыгаруучу түзүлүштөн чөйрөгө өтүүсү изилденет. Ал эми экинчи ыкмада, адам жана жаныбардын үнгө карата жооп бериши каралат. Адамдын үн чыгаруу органынын аткарган кызматын физикалык жактан талдоо, сөздөрдү синтездөө маселелерин чечүүдө, машина менен адамдын байланышын камсыз кылган түзүлүштөрдү жаратууда ж. б. чоң мааниге ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4