Фиксация

Википедия дан

Фиксация, фиксациялоо (фр. fixer - бекемдөө) - сүрөт технологиясында - сүрөт материалдарынын кээ бир бөлүктөрүн, көп учурда көмүрдү бекемдөө үчүн сүрөттүн үстүнкү бетине жүргүзүлүүчү ишти билдирет.

Сүрөттүн үстүнкү бетин пульверизатордун жардамы менен бекемдегичтер же фиксативдер (курамында клей жана чайыр көбүрөөк болот) менен бекемдөө. Бул учурда сүрөт түсүн өзгөртүп, бир аз карарып, көмүр менен пастель өздөрүнүн бозомтук баркыт сымал жумшактыгын жоготот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4