Фиксин Сергей Андреевич

Википедия дан

(1907–1978)

Акын Фиксин Сергей Андреевич Смоленск шаарында 1907-жылы 20-июлда туулган. Сергей Смоленскидеги шаардык башталгыч мектепти бүтүрүп, адегенде кирпич заводунда жумушчу, жүк ташыгыч болуп иштеп, 1928-жылы орто билимге ээ болуп Кыргызстанга келет. 1931–1932-жж «Советская Киргизия» гезитинде иштеп, 1932–1941-жж. кайрадан туулган жерине барып, журналисттик кызмат аткарат. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Фиксин Батыш жана Закавказье фронтторунда кабарчы болуп иштеп, ырлары «Комсомольская правда», «Боец РККА», «Боевой товарищ» гезитинде басылып турган.
1945-жылы согуштан кайткандан кийин С.Фиксин Кыргызстанга кайра келип, 1952-жылга чейин «Советская Киргизия», «Комсомолец Киргизии» гезиттеринде, 1952-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунда орус секциясынын бюросунун башчысы болуп иштеп, өмүрүнүн аягына чейин «Литературный Киргизстан» журналында жооптуу катчы жана бөлүм башчы болуп эмгектенген.
Сергей Фиксиндин ыры биринчи жолу Смоленскидеги «Юный товарищ» деген жаштар гезитинде 1925-жылы басылып чыгат. 1932-жылы Ржев шаарында «Алдыңкы пост» аттуу ырлар жыйнагын чыгарат. С.Фиксиндин котормосу менен М.Борбугуловдун «Ачуу дары» аттуу тамсилдер жыйнагы, К.Маликовдун «Ат коюу», А.Осмоновдун «Жеңишбек» поэмасы, Т.Үмөталиевдин, К.Акаевдин ж.б. кыргыз акындарынын көп ырлары орус тилинде чыгып, союздук масштабга таралган.
1949-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени, Кыргыз, Украин ССР Жогорку Советинин Президиумдарынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
1974-жылы «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Торгой: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 80 б.

Орус тилинде

Передовой пост: Стихи. – Ржев. 1932. – 69 с.

Утро – Смоленск: Смолгиз, 1938. – 72 с.

Герой. – Смоленск: Смолгиз, 1940. – 15 б.

Легко дышать. – Смоленск: Смолгиз, 1940. – 48 б.

Герой. – Челябинск: Огиз, 1942. – 15 б.

Края родные: Стихи.–Ф.: Киргизгосиздат, 1950. – 108 б.

Мы мирные люди. – Ф.: Киргизгосиздат, 1953. – 56 с.

Избранные стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1954. – 74 с.

Зеленый праздник. – Ф.: Киргизгосиздат, 1956. – 31 с.

Слово о Киргизии: Стихи и поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 108 с.

Что скажет почта полевая: Стихи для молодежи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 56 с.

Ракита и арча: Стихи. – М.: Советский писатель, 1961. – 94 б.

Два милых сердцу края: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 254 б.

Зона затопления: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 79 б.

Край синего и золотого: Стихи, поэмы, избранные переводы с киргизского. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 107 с.

Избранное. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 226 с.

В добрый час: Стихи.– М: Сов. писатель, 1979. – 215 с.

Держу ответ: Стихи разных лет. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 176 с.

Стихотворения и поэмы. – Ф.: Адабият, 1989. – 240 с.

КОТОРМОЛОРУ

Орус тилинде

Маликов К. Выбор имени: Поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1954. – 19 с.

Борбугулов М. Горькое лекарство: Басни. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 62 с.

Касымбеков Т. Алымкан: Историческая драма. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 114 с.

Осмонов А. Россия: Стихи /пер. И.Сельвинский, С.Фиксин. – Ф.: Киргизгосиздат, 1964. – 16 с.