Филип Пулман

Википедия дан
Филип Пулман (2005).

Филип Пулман (англ. Philip Pullman; 1946-жылдын 19-октябрында туулган) — англиялык жазуучу. Ал бир нече бестселлер китептердин автору. Эң белгилүүлөрү "Анын караңгы материалдары" фэнтези үчилтиги жана "Жакшы киши Ыйса жана шүмшүк машаяк" аттуу Ыйсанын көркөмдөлүп жазылган өмүр баяны болуп саналат. 2008-жылы The Times гезити Пулманды "1945-жылдан берки 50 улуу британ жазуучуларынын" бири деп атаган. Би-Би-Синин 2004-жылдагы сурамжылоосу боюнча Пулман Британия маданиятындагы эң таасирдүү 11-адам деп таанылган.

Пулмандын "Анын караңгы материалдары" үчилтигиндеги "Түндүк жаркырагы" (англ. Northern Lights) аттуу биринчи китеби 1995-жылы жылдын көрүнүктүү англис тилиндеги балдар китеби деп таанылып, АКШ Китепкана бирикмесинин Карнеги медалына татыган. Медалдын 70 жылдыгына карата комиссия тарабынан мыкты китептер боюнча өткөрүлгөн жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында сыйлыкка татыган мыкты он китептин бири болуп калган. Чыгарма ошол кыска тизмеден коомдук добушка ээ болуп, анын натыйжасында 2007-жылдын июнь айында "Карнегилердин Карнегиси" деген наамга татыган. Ал "Алтын компас" деген америкалык аталыш менен тасмада ылайыкташтырылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Lua error in Модуль:External_links at line 856: attempt to concatenate field 'group1' (a nil value).