Философиянын тарыхы

Википедия дан

Философиянын тарыхы – социомаданий билимдин философиялык идеялардын пайда болуу жана өнүгүү процессин сүрөттөп жазып гана тим болбостон, аны илимий негизде түшүндүргөн, баалаган синтетикалык тармагы. Философиялык системалар келип чыгуусу жана маани-маңызы боюнча өз доорунун тажрыйбасын жалпылап, илимий корутундулаган окуулар болгондуктан, өзгөчө тарыхый болмушка ээ. Ошону менен катар эле философиялык окуулар белгилүү бир мезгилдин чегинен чыкпайт жана түбөлүктүүлүккө умтулушат. Бийик гуманизмдин көз карашында Философиянын тарыхы дүйнөнүн адам тарабынан руханий түшүнүүнүн тарыхы болуп саналат. Философиянын бүткүл дүйнөлүк тарыхы ар кандай тилдерде, стилдерде ар түркүн проблематикаларды, жалпы маданий каада-салттарга ылайык козгогон улуттук формадагы философиянын жетишкендиктери менен ачылыштарын өз кучагына алат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]