Фильм

Википедия дан

Фильм (англ. film — плёнка) — плёнкада ырааттуу жайгаштырылып, бир сюжетке бириктирилип, экранда көрсөтүүгө арналган фотосүрөттөрдүн (кадрлардын) жыйындысы; кино чыгармасы.

Азыркы кинематографиядагы Фильмдин түрлөрү: көркөм, телефильм, мультипликация, хроника-документ, илимий, окуу, ышкыбоздор, жаныбарлар дүйнөсү. Фильм ошондой эле жанрдык-темалык белгилерине карата (тарыхый, комедия, детектив ж. б.) жана чагылдырылышына жараша үнсүз, үндүү, кара-ак, түстүү, кең экрандуу, панорамалуу, полиэкрандуу учурда заманбап 3D, 4D форматтагы көрсөтүү узактыгына карай толук метраждуу, кыска метраждуу деп бөлүнөт. Ал эми атайын Ф-ге микрофильм, текстфильм, реклама, сувенир ж. б. кирет. Фильмдин көбүн адистештирилген киностудияда чыгармачыл коллектив жана техникалык адистер экранга алып чыгат. Ф. коюуда кинотехника, түс берүү каражаттары, павильон, аянтчалар пайдаланылат. Илимий, техникалык жана окуу максатындагы Фильмдерди көбүнчө илимийизилдөө институттардын, окуу жайлардын лабораториялары чыгарса, ышкыбоздор Ф-ин клуб, ишкана, окуу жайларга караштуу ышкыбоздордун киностудиялары жана айрым ышкыбоздор чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4