Мазмунга өтүү

Финноз

Википедия дан

Финноз (нем. Finne - безетки, балыктын сүзгүчү) - малдын финна тасма курттун личинкалары (ыйлаакчалар) пайда кылган ылаңы.

Козгогучу тасма курттун (Cysticerkus) агыш-бозомук түстөгү, уз. 5-9 жж, туурасы 3-6 жж ыйлаакчасы. Ыйлаакчанын ичинде митенин башы, төрт (чочконуку эки катар) соргучу, илмекчелери (кээсиники жок) болот. Ылаң малдын этин чала бышырып, андагы ыйлаакча менен кошо жегенде жугуп, ал адамдын ичегисинде мителик кылып, жетилип, куртка айланат. Анын уз. 3-10 м, жыныстык жактан жетилгенде тышкы чөйрөгө заңы менен бөлүнүп чыгат, ал кургап жарылганда андагы уруктар айлана-чөйрөгө чачылат. Мал булганган чөптөгү же суудагы козгогучту жегенде ылаңга чалдыгат. Ыландаган мал алсырайт, тоют жебейт, чычкактайт, кан тамырларынын кагуусу тездейт, денеси ысыйт (41°С). Лимфа бездери чоңоет, көзүнүн агы саргарат, начар кепшейт. Ылаң катуу кармаганда мал 8-9 күндө өлүмгө дуушар болот же ылаң бир аз басаңдап улаарган формада, кээде ылаң клиникалык белгилери билинбей өнөкөт өтөт. Малга иммунобиологиялык изилдөө менен, ал эми союлган малдан ыйлаакча табуу менен диагноз коюлат. Дарылоодо панакур, мебендазолдун 22% түү грануляты, дронцит (празиквантел), мебендазолдун 3%түү эритмеси, фенасал-битионол (10 кг тирүү салмакка 1 жл) сунуш кылынат. Алдын алуу чараларына малды атайын жерде союу, этти кылдат текшерүү, өздүк гигиенаны сактоо, чийки, чала бышкан эттен жасалган тамактарды жебөө ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4