Финн тили
Айтылышы: |
5 413 380 |
---|---|
Өлкөлөр: |
Финляндия, Эстония, Швеция |
Расмий статусу: |
Финляндия |
Классификациясы | |
Түрмөгү: |
Евразиянын тилдер |
— | |
Жазылышы: |
Латин |
Тилдер коду | |
ISO 639-1: |
fi |
ISO 639-2: |
fin |
ISO 639-3: |
fin |
Финн тили - финндердин тили.
Финляндияга, Швециянын түндүгү менен Норвегияга, Карелияга жана Америкага (негизинен АКШга) харалган. Финн-угор тилдерине кирет. Алгачкы жазуу эстеликтери 13-14-кылымдарга таандык. Адабий тилинин жаралышына финн жазмасынын түзүлүшү (1540) өбөлгө болгон. Азыркы адабий тилинин калыптаныш процессин 19-кылымдын 70-жылдары аяктаган.
Финляндия аймагына таралган финн тили батыш жана чыгыш деген эки наречиеге бириккен 7 диалектиден турат Азыркы финн тили - мүчөлөмө (агглютинадиялама) тил. 15 жөндөмөсү бар, род категориясы жок. Лексикасында балтика, герман, славян тилдеринен кабыл алынган сөздөр учурайт. Жазмасы латын алфавитинин негизинде түзүлгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9