Фитоценология

Википедия дан

Фитоценология (гр. phytosenos, фитоценоз жана logos – окуу) – геоботаниканын жана биогеоценологиянын бир бөлүмү. Өсүмдүктөрдүн коомдоштугун жана өсүмдүктөрдүн өз ара катнашын, биоценоздордук , гетеротрофдук компоненттерин, айлана-чөйрөнүн башка компоненттери менен ошондой эле фитоценоздордун пайда болуусун жана алардын мейкиндиктеги, убакыттагы закон ченемдүү таралуусун, алмашуусун, алардын классификациясын изилдеген илим. Ф-нын максатына жаратылышты гана эмес, адам тарабынан жаралган фитоценоздорду (мисалы, агрофитоценоздор) изилдөө да кирет. Ф-да кеңири колдонулуучу методдорго өсүмдүктөр коомдоштугун маршруттук жана стационардык изилдөө, эксперименталдык жана математикадык методдорду, математикалык моделдештирүүнү да киргизүүгө болот. Ф. – өсүмдүктөрдү коргоодогу, рационалдуу пайдалануудагы, түшүмдүүлүгүн жогорулатуудагы бирден бир илимий негиз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]